super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев министрлерге: "Бишкекте отура бербей, Орусияга барып иштегиле"

 
Бүгүн, 22-майда өкмөттүн жыйынында премьер-министр Темир Сариев өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсүнө байланыштуу министрлерге тапшырмаларды берди.
"Чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо милдети Тышкы иштер министрлигине жана Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине тапшырылат. "Кара тизмеден" чыгаруу боюнча мамлекет, өкмөт тарабынан жардам көрсөтүлүш керек. Элчиликтер, консулдуктар менен биргеликте түшүндүрүү иштерин уюштуруу зарыл. Буга аталган эки министрлик жооп берет. Ар бир мекендешибиз ЕАЭБ тууралуу маалыматтарга ээ болушу керек. Бишкекте отуруштун кереги жок, Орусияга барып иштегиле",- деп тапшырды министрлерге өкмөт башчы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: