Быйыл кытайлык гранттын эсебинен Бишкектеги Махатма Ганди, Ауэзов жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрү оңдолот









Быйыл кытайлык
гранттын эсебинен Бишкектеги Махатма Ганди, Ауэзов жана Жукеев-Пудовкин
көчөлөрү
оңдоп-түзөөдөн өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда мэриянын басма сөз
кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, премьер-министр Темир Сариев, калаа мэри Кубанычбек Кулматов, вице-мэр Бакытбек Дүйшөмбиев, Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Канчоро Ажекбаров, ошондой эле Кытайдын «China Road» компаниясынын өкүлдөрү Ауэзов көчөсүнүн курулуш иштери менен таанышышты.
Премьер-министр Темир Сариев оңдоо иштеринин сапатына көңүл буруу өтө маанилүү экендигин белгиледи. Мындан тышкары ал оңдолуп жаткан көчөдө атайын техниканын жоктугунун себептерин сурады. Буга кытайлык компаниянын өкүлдөрү бүгүн техниканын келерин билдиришти. Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Канчоро Ажекбаровдун айтымында, Махатма Ганди көчөсү 28-майда реконструкция иштерине байланыштуу убактылуу жабылат.
Айта кетсек, Кытай Республикасы аталган жолдорду оңдоого 44,6 миллион юань (1 юань 9 сом 45 тыйынга барабар) бөлүп берүүдө. Мындан тышкары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 69 миллион сом Ибраимов көчөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөөсүнө чектелген.



1 |