Бишкекте СПИДден каза тапкандарды эскерүүгө багытталган иш-чара өттү
Бишкекте бүгүн, 22-майда СПИДден каза тапкандарды эскерүүнүн эл аралык күнүнө карата иш-чара өттү. Ага БУУнун "Өнүктүрүү" программасынын Глобалдык фондунун өкүлү Акжол Жороев, Бишкек шаардык СПИД менен күрөшүү борборунун директору Искендер Шаяхметов, балдары ВИЧке кабылган ата-энелер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышышты.
Иш-чара аталган дартка каршы күрөшүү боюнча жарыяланган акциянын кандай өткөнүн чагылдырган видеотүрмөктү көрсөтүү менен башталды. Журналисттер тиешелүү адистерге суроо узатып, жоопторду алышты.
Маалыматка ылайык, 2001-жылы кыргыз мамлекетинде ВИЧ жуктуруп алгандардын саны 2015-жылдын 1-апрелине карата 5643 адамды түзөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:17
2025-11-07
22:29
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















