super.kg logo

Бишкек шаарынын мурдагы башчысы Нариман Түлеевге дагы бир кылмыш иши козголду

 

Бишкек шаарынын мурдагы башчысы Нариман Түлеевге дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2010-жылдын февраль айында Бишкек шаарынын 6-кичи районундагы 0,46 гектар жер тилкеси Түлеевдин жардамчысынын апасына сатылган. Кийин ал жер тилкеси Түлеевдердин үй-бүлөсү башкарган “ЭкспоСтрой” ишканасынын карамагына өткөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган жер тилкесинин дээрлик 9 миллион сомго арзан сатылганы аныкталган. Мындан улам мамлекетке чоң суммада зыян келтирилген. Бул факт боюнча Бишкек шаардык мэриясынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду.  

Эске салсак, Түлеев "2008-жылы мэр болуп турганда Кытайдан автобустарды алып келүү иштеринде мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген” деп айыпталып, 2012-жылдын октябрь айында камакка алынган. Ал эми 2013-жылдын 29-июль күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Түлеевди мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан. Аны менен кошо иштеген айыпталуучулар да 5 жылдан 13 жылга чейин эркинен ажыратылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
22.05.2015. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кайра мамлекетке кайтарып албайсынарбы болгон туган уругуна жазылган байлыгын
22.05.2015. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мамлекетке эмес ошону кай рыган адамдардын чонтогуно тушот да
Бирин олуп бирин кал
22.05.2015. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Камалган деген адамы ак койнок , кара очкиси мойнунда камалганга окшобойтго.
22.05.2015. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оозунан чыкчу эле байлыгы бар экен болбой эле олуп-талып ары жагынан бери жагынан жула качып олуп атат качан тойунат бул арам тамактар. Анан олуп-талып актанганын кантесин жанын жеп.
23.05.2015. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Неге эле кыйнайт бул гуноосу жок адамды.
Bors түзөттү 23.05.2015 02:02
24.05.2015. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чондорго кудай берип еле калат мындайда.Мудурулгон адамды колунан тартып койгондун ордуна ар кимиси келип тебелеп ото беришет.Мындай кун эрттен еле озунун башына тушуп калышын билишпейт.Бир адамды ортого алып тебелегенден коро урматтуу чиновниктер ар кимин озундун артынды тазалагыла.Анан башка бироого асылсанар жарашат.
24.05.2015. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшылап териштирип келсе бириндин да артын таза емес.Анан озунордун башынардагы тоону корбой бироонун башындагы чопко асыласынар.Эгер менчик иш каналар мамлекетке отсун десе биринчи болуп чиновниктер каршы болот.Эгер жок биз тазабыз бир гана айлык менен жашайбыз деген чондор болсо ошол мыйзамды сунуштагылачы коройлу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: