super.kg logo

Жалал-Абадда жардамга муктаж балдарга арналган 1 айлык уюшулат

 

25-майдан 25-июнга чейин Жалал-Абад шаарында “Биздин балдар - планетанын келечеги” аттуу бир айлык акция уюштурулмакчы. Анын алкагында шаардагы психоневрологиялык диспансерлердеги тарбиялануучу балдарга, бала асырап алган үй-бүлөлөргө, балдар ооруканаларына, санаторийлерге, жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн мектеп-интернаттарына шаардагы мекеме-ишканалар менчигинин түрүнө карабастан белек-бечкектер таратылат.

Мэриядан кабарлашкандай, балдар үчүн театрлаштырылган оюн-зоокторду, көркөм фильмдерди көрсөтүү, балдардын кол өнөрчүлүгү боюнча көргөзмөлөрдү уюштуруу, 14 жашка чейинки балдарды коомдук транспортто акысыз ташуу, медициналык көрсөткүчтөрү бар балдарга акысыз медициналык кызмат көрсөтүү жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коляска, балдак, ортопедиялык бут кийимдер менен камсыз кылуу каралган. Мындан сырткары "Кыргызстан балдары тынчтык үчүн!" аттуу таланттуу балдар арасында фестиваль өтмөкчү.

Ошондой эле 1-Июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнү Барпы театрынын алдында салтанаттуу белгиленет. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.05.2015. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балдар - биздин келечегибиз!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: