super.kg logo

Түштүк Кореяда Жибек жолу өткөн өлкөлөрдүн маданиятына, тарыхына жана салттарына арналган көргөзмө ачылды

 

Бүгүн, 22-майда Түштүк Кореяда “Жибек жолу – Евразиянын үмүтү” аттуу көргөзмө ачылды. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, көргөзмө Жибек жолу өткөн кыргыз жергеси, Өзбекстан жана Азербайжан мамлекеттеринин маданиятына, тарыхына жана салттарына арналган. Салтанаттуу иш-чаранын ачылыш аземине уюштуруучулар Корей эл аралык кызматташуу агенттигинин президенти Ким Ён Мок, дипломатиялык миссиянын башчысы, Тышкы иштер министрликтеринин жана Улуттук корей ассамблеясынын өкүлдөрү катышты.  

КРнын Түштүк Кореядагы элчилиги атайын көргөзмөгө кыргыз улуттук кийимдеринин үлгүлөрүн, музыкалык аспаптарды, кездемеден жасалган сувенирлерди жана өлкө жөнүндө баяндаган CD-дисктерди тапшырды.  

Алдын ала маалыматтар боюнча, көргөзмөнү 10 миңден ашуун адам көрүп кетет. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.05.2015. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коргозмо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: