Быйылкы парламенттик шайлоо өлкөнүн экономикасына терс таасир тийгизиши мүмкүн
Быйылкы жылдын соңунда парламенттик шайлоонун өтүшү өлкөнүн экономикасына терс таасир тийгизиши мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда өкмөттүн жыйынында экономика министри Олег Панкратов билдирди.
Анын айтымында, быйыл экономикалык өсүш 2 пайызга жакын болору күтүлүүдө. “Инвестициялык климат жакшы деп айткандан алыспыз. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши начар деңгээлде калууда. Келерки шайлоо экономикага терс таасир тийгизиши мүмкүн. Көп учурда шайлоо мезгилинде экономикага терс кырдаал түзүлөт. Ушул маселелерди эске алып, экономиканын төмөндөшүн болтурбоо маанилүү”,- деди министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

