super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев жаңы дайындалган жаш чиновникке иш күнүн саат 08:00дө баштоону тапшырды

 

Бүгүн, 22-майда өкмөттүн жыйынында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Бакыт Рыспаев жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү программасынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берүүдө.

Сөз береринин алдында премьер-министр Темир Сариев ага кандай жумушчу тартип менен иштеш керектигин эскертти. "Сизге тапшырылган милдеттерди аткарууга кыска мөөнөт берилет. Аким болгонуңузду унутуп, саат 9:00, 10:00дө эмес, 8:00дөн тарта иштей баштаңыз",- деп тапшырды өкмөт башчы.

Эскерте кетсек, Бакыт Рыспаев өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору кызматына 13-майда дайындалган. Буга чейин ал Ысык-Көл облусунун Тоң районунун акими кызматында иштеп келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: