28-29-майда Жогорку евразиялык кеңештин отурумунда кыргыз мамлекетинин жарандарын "кара тизмеден" чыгаруу маселеси талкууланат
28-29-майда Астана шаарында өтчү Жогорку евразиялык кеңештин отурумунда кыргыз мамлекетинин жарандарын "кара тизмеден" чыгаруу маселеси күн тартибине киргизилет. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда өкмөттүн жыйынында премьер-министр Темир Сариев билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
Анын айтымында, Жогорку евразиялык кеңештин отуруму өкмөт башчыларынын деңгээлинде өтөт. "Тышкы иштер министрлиги менен Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги мигранттар тууралуу маалыматтарды даярдап бериши керек. Бул багытта министрликтер Орусиядагы элчиликтер жана консулдуктар менен иш жүргүзүшү зарыл",- деди Сариев.
Айта кетсек, Орусиянын "кара тизмесинде" 77 миң кыргыз жараны бар. Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин аракети менен бул тизмеден 2 миңге жакын адам чыгарылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

