Жеке менчик бала бакчаларды салыктан бошотуу жөнүндө мыйзамга кол коюлду
“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамга өлкө башчы Алмазбек Атамбаев кол койду. Бул тууралуу 22-майда президенттик аппараттан билдиришти.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 8-апрелинде кабыл алынган.
Мыйзамдын негизги максаты - мектепке чейинки билим берүү уюмдар жана кардиохирургиялык багыттагы жеке менчик медициналык мекемелер тарабынан кызмат көрсөтүү тармагындагы ишкердикти колдоо үчүн шарттарды түзүү.
Мыйзам менен жеке менчик бала бакчаларды жана кардиохирургиялык багыттагы жеке менчик медициналык мекемелерди пайда салыгынан, нарк жана сатык салыгынан бошотуу каралган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

