super.kg logo
  Саясат  

Профессор Айдаркан Молдокуловдун 85 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өттү

 
Бүгүн, 22-майда профессор Айдаркан Молдокуловдун 85 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өттү. Ага депутат Каныбек Осмоналиев катышканын Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Конференцияга катышкандар А.Молдокуловдун кылган эмгектерине жана өмүр таржымалына токтолушту. Депутат Осмоналиев Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, экономика илимдеринин доктору, профессор, жогорку деңгээлдеги экономика илимпозу, көрүнүктүү коомдук ишмер А.Молдокуловдун илимге сиӊирген эмгегин баса белгиледи. “Ал жүздөн ашуун илимий эмгектердин автору. Анын эмгектери Москва, Новосибирск, Киев, Ташкент, Дүйшөмбү сындуу көптөгөн шаарлардан жарык көргөн. Ал экономика илимдерин өнүктүрүү боюнча Улуттук илимдер академиясынын Экономика институтун 17 жыл жетектеп, вице-президентке чейин жеткен, башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын экономикасын түптөгөн адам болгон”,- дейт ал.

“Көзү тирүү болгондо 85 жашка чыкмак. Бул адам көп кырдуу гений адам болгон экен. Ал экономика жаатында гана эмгектенбестен, тарыхый адабий чыгармаларды, элдик чыгармачылыкты, көптөгөн ырларды, макал-ылакаптарды, эпосторду абдан жакшы өздөштүргөн, Токтогул менен Тоголок Молдонун чыгармаларын мыкты өздөштүргөн. Мындан сырткары Жусуп Баласагындын “Кут алуучу билим” чыгармасын да изилдеген. Ошондой эле терең философиялуу ырларды жазган. Бул жагынан алганда, ал өзүнүн интеллигенттиги менен токтоолугун көрсөтүп, канча таланттары ичинде толкуп жатса да, көзү тирүүсүндө аларды жарыя кылган эмес”,- деп кошумчалады Осмоналиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: