Казакстанда кыргыз жараны “3 жаштагы баланы зордуктап, андан соң муунтуп өлтүргөн” деп шектелип кармалды
Казакстандын Жамбыл облусунда кыргыз жараны “кичинекей баланы зордуктап, андан соң муунтуп өлтүргөн” деп шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда казакстандык маалымат каражаттары жазышууда.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүү кыргыз өлкөсүнүн 55 жаштагы жараны болгон. Ал сурак учурунда өз күнөөсүн моюнуна алган.
Анын айтымында, көчөдө ойноп жүргөн 3 жаштагы баланы үйүнө чакырып зордуктаган. Андан соң муунтуп өлтүрүп, жансыз денени муздаткычка салып койгон. Ал эми кылмышка шектүүнүн аялы баланын жансыз денесин ата-энесине өзү алып келип берген.
Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Эгер чын болсо кыргызстан бери турсун асмандагы кунду да корбосо керек эми турмодо.
Ачууга алдырып порталдын эрежелерине туура келбеген билдирүүлөрдү жазуудан алыс болсоңуздар.