Өкмөт башчы Темир Сариев Түндүк-Түштүк кошумча унаа жолунун курулушу менен таанышты
Бүгүн, 23-майда өкмөт башчы Темир Сариев бир күндүк иш сапары менен Нарын облусуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Сариев Нарын облусунда болуп, андагы Түндүк-Түштүк кошумча унаа жолунун курулушу менен таанышууда. Андан кийин Жумгал районундагы “Кара-Кече” көмүр кенинин көзөмөл-өткөрмө жайынын иши менен таанышмакчы. Иш сапарынын алкагында өкмөт башчы бүгүн эртең менен Чүй облусундагы Жайыл районунда болуп, Суусамыр айылынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

