Ош облусунда катуу шамалдан улам келтирилген чыгым 2,5 миллион сомдон ашты
Ош облусунда катуу шамалдан улам келтирилген чыгым 2,5 миллион сомдон ашты. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, катуу шамалдан улам Ош облусунун Араван, Өзгөн, Кара-Кулжа райондорунун тургундары жабыркашкан. Жалпысынан облус боюнча 4232 шиферди шамал учурган. Мындан улам келтирилген чыгым 2 миллион 692 миң сомду түзгөн. Учурда министр Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен 1250 шифер Кура-Кулжа районуна жөнөтүлдү.
Айта кетсек, 21-май күнү саат 17:00 чамасында Ош облусунун аймагында катуу шамал болгон. Анын ылдамдыгы секундасына 25-28 метрге чейин жеткен болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.