Мелис Мырзакматовдун агасы менен бирге алдамчылыкка шектелгендердин катарын дагы эки адам толуктады
Мелис Мырзакматовдун агасы менен бирге алдамчылыкка шектелгендердин катарын дагы эки адам толуктады. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кылмышка шектелгендердин бири 47 жаштагы Т.Э. Бишкекте, ал эми экинчиси 34 жаштагы А.И. Аксыда качып жүргөн жеринен кармалган. Т.Э. жалпысынан 180 миң долларды, А.И. 67 миң долларды алдап алганы белгилүү болду.
Учурда арыз жазгандардын саны 36 адамга жетти.
Айта кетсек, май айынын башында Ош шаарынын мурдагы башчысы Мелис Мырзакматовдун агасы Кеңеш Мырзакматов жана төрт адам алдамчылыкка шектелип кармалган. Алар бекер батир алып берүүнү убада кылышып элден акча алышкан, бирок убадалар аткарылган эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Кенеш Мырзакматов ХХХ ХХХ ХХХ...
Коомдук этикага туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.