Сузак айылында самбо жана алыш күрөшү боюнча машыгуу залы ачылды




Сузак айылында самбо жана алыш күрөшү боюнча машыгуу залы ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 50 миңге чукул эл жашаган Сузак айылында спорттук залдын ачылышы Жалал-Абад облусундагы укук коргоо органдарынын демилгеси менен уюштурулуп, жергиликтүү калктын колдоосу астында ишке ашырылган. Спортзалдын ачылышына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл аксакалдары, жаштар катышты.
“Жаштар - биздин келечегибиз, биздин эртеӊки күнүбүз, ошол себептен биз кайсы кесиптин ээси болбойлу, коомчулук менен биргеликте аларды тарбиялап, ынтымакка чакырып жана илимдүү, ыймандуу болушуна шарттарды түзүп берүүбүз абзел. Биздин көп улуттуу демократиялык жолдо өнүгүп жаткан өлкөбүзгө улуттар аралык ынтымак, биримдик жана укук-мыйзамдуулук үстөмдүүлүгү болушу керек”,- деди спортзалдын ачылышында сөз сүйлөгөн Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңиш Жоробеков.
Жергиликтүү тургундар мурда бильярд ойнотулуп, спирт ичимдиктери жана чылымдар сатылып турган имарат эми минтип оӊдолуп, спорттун самбо жана алыш күрөшү боюнча машыгуу сарайына айланып, жаштар спорт аркылуу тарбиялана турган жай болуп калганына баары сүйүнүп жаткандыгын билдиришти.



1 |