super.kg logo

Чүй. Москва районунун уй кармаган кожойкелери сүттүн баасынын 10-11 сом болуп калышына нааразы

 

Чүй облусунун Москва районунун уй кармаган кожойкелери сүттүн баасынын 10-11 сом болуп калышына нааразы. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда SUPER.KG порталына аталган райондун Сретенка айылынын тургуну Лазым Карабекова билдирди. Анын айтымында, быйыл март айынан тарта сүт ташыган жеке ишкерлер “сүттү мурункудай 15-16 сомдон эмес, эми 10-11 сомдон алабыз” деп элди кыйноодо.

Айыл жергесинде уй кармап, анын сүтүнөн тапкан каражатка эл жан багып келет. Москва районунда 2 миңден ашуун адам сүт сатат. Менин 5 уюм бар, күндө 100 литр сүт алам. Көбүбүз малды багууга чөп жана башка чыгымдарды жабыш үчүн насыяга акча алганбыз. Эми минтип сүттүн баасын 5 сомго түшүрүп салышканы бизге кыйынчылык жаратууда”,- дейт үй кожойкеси.

Лазым айымдын айтымында, сүт март айынан тарта 7 ай үзгүлтүксүз мол болот. Ушул маалда анын баасы бир аз түшчү. Ал эми кышында 18-19 сомго чейин барчу.

Бизден сүт алган жеке ишкерлердин айтымында, учурда Казакстан менен Орусиянын чек аралары аркылуу сүт өткөрүлбөй калган, мунун айынан бул азык өтө көп болуп кеткен. Ошондуктан баасы да ылдыйлады. Бирок эми эл карыздарынан кантип кутулат? Муну көзөмөлгө алыш керек да. Ар кимдин каалагандай баа коё бергени туура эмес”,- дейт Москва районунун тургуну. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: