super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин комитетинин көчмө жыйынында Евразиялык экономикалык биримдигиндеги парламентаризмдин ролу талкууланды

 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети 23-майда Ысык-Көл облусунда Кыргыз Республикасынын эл аралык жигердүүлүгүн жөнгө салуучу мыйзамдарды талкуулаган көчмө жыйын өткөрдү. Жогорку Кеңештин маалымат кызматы көчмө жыйындын катышуучулары башка темалар менен катар Евразиялык экономикалык биримдигиндеги парламентаризмдин ролун талкуулашканын билдирди. Бул боюнча дипломат Муктар Жумалиев баяндама жасады.

“Дүйнөдөгү эң мыкты деген эксперттер 2010-жылы “парламенттик башкаруу формасы 3 айдан ашык тура албайт” деп божомолдошкон. Азыр болсо бизди аймактагы эң туруктуу өлкө катары карашат. Бул жерде абалдын тараза ташын тууралап, өлкөдөгү кырдаалды турукташтырган парламенттин ролу өтө маанилүү,- дейт Жумалиев.

Анын айтымында, кыргыз өлкөсүнүн ЕАЭБге кириши эл аралык келишимдерди аткаруу боюнча чоң ишти талап кылат. Мындай шартта парламент сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш үчүн зарыл шарттарды түзүүгө багыт алып, өнөктөш өлкөлөр менен жандуураак иштеши керек,- деп баса белгиледи ал.

Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы парламент аралык өз ара мамилелердин институтун түзүү маселесин козгоду. Бизде азыр КМШнын Парламент аралык ассамблеясы, ЖККУнун Парламенттик ассамблеясы сыяктуу органдар иштеп жатышат, эми ЕАЭБдин деңгээлинде ушундай өз ара мамилелердин максатка ылайыктуулугун карап чыгышыбыз керек,- деди Иманалиев.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: