super.kg logo
  Спорт  

Футбол боюнча өлкө чемпиондугунда “Дордой” клубу “Кейжи Юнайтед” командасын 5:2 эсебинде утуп алды

 

23-майда футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын кезектеги турунда “Дордой” клубу менен “Кейжи Юнайтед” кез келди. Беттеште “дордойчулар” 5:2 эсебинде жеңишке жетишип, кезектеги 3 упайга ээ болушту. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, оюндун алгачкы 45 мүнөттүгүндө “Кейжи Юнайтед” коргонууда мыкты ойноду. 45-мүнөттө команданын өкүлү Жаныбек уулу Жанарбек пенальтиден оюн эсебин ачты. “Дордойдун” оюнчулары 1 мүнөт ичинде жооп кайтарышып, Азамат Байматов айырмаланды. 2-таймда Мирлан Мурзаев 3 гол, Даврон Аскаров 1 гол киргизип, “Дордойду” эсеп катыштыгында кыйла алдыга сууруп чыгышты. Ал эми “Кейжи Юнайтедден” Алерива Олувасен айырмаланып, оюн жыйынтыгында 5:2 эсебинде аяктады. 

* Мелдеш жадыбалы: 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.05.2015. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшырак ат койсонор болбойбу юнайтед болсонор эле атынар чыгып жакшы ойноп кетпесенер керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: