super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн Жогорку Кеңештин комитетинде Карганбек Самаковдун иши каралат

 
Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин 25-майдагы жыйынында депутат Карганбек Самаковдун иши каралат. Мындай чечим жыйындын жүрүшүндө кабыл алынды.
Депутат Эсенгул Исаков ага К.Самаковдун жактоочусу кайрылып, депутаттын маселесин карап чыгууну суранганын билдирди. Аталган комитеттин төрагасы Самаковдун ишин тергөөгө депутаттардан жумушчу топ түзүүгө мүмкүн экендигин айтты. 
Айта кетсек, Самаковго Чүйдүн Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл аймактарында 262 гектар жер тилкесин 2007-2008-жылдары мыйзамсыз трансформациялоо (мисалы: дыйканчылыкка деп бөлүнгөн жерди үй салууга боло тургандай категорияга которуу) кылмышына айыпталып кармалып, 15-майда УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. 
17-майда бул ишти Октябрь райондук соту карап, аны 2 айга үй камагына чыгарган эле. 22-майда Башкы прокуратура депутат Карганбек Самаковдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүнгөн.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: