super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште Карганбек Самаковго карата козголгон кылмыш ишин иликтөө үчүн жумушчу топ түзүлдү

 

Жогорку Кеңеште депутат Карганбек Самаковго карата козголгон кылмыш ишин иликтөө үчүн жумушчу топ түзүлдү. Мындай чечим Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин 25-майдагы жыйынында кабыл алынды.  

Жумушчу топ түзүү сунушу менен депутат Эсенгул Исаковго Самаковдун адвокаты Икрамидин Айткулов кайрылганын айтты. Сунушка ылайык, депутаттар Самаковдун кылмыш ишинин саясий жагын эмес, жер боюнча маселени иликтешет.

Жыйында жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынганы менен, аны жетектөөдөн депутаттар баш тартышты. Топту түзүүнү демилгелеген депутат Эсенгул Исаков "сөз болбосун" деген ой менен төрагалыктан баш тартса, башка депутаттар убакыттын жоктугу менен түшүндүрүштү. Ошентип, топтун төрагасы комитеттин кийинки отурумунда тандалмай болду.

Айта кетсек, Самаковго Чүйдүн Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл аймактарында 262 гектар жер тилкесин 2007-2008-жылдары мыйзамсыз трансформациялоо (мисалы: дыйканчылыкка деп бөлүнгөн жерди үй салууга боло тургандай категорияга которуу) кылмышына айыпталып кармалып, 15-майда УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. 

17-майда бул ишти Октябрь райондук соту карап, аны 2 айга үй камагына чыгарган эле. 22-майда Башкы прокуратура депутат Карганбек Самаковдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүнгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: