Кыргыздын футболчу кыздары Бахрейн жаштар курамасына каршы жолдоштук оюнда утулуп калышты

19 жашка чейинки курактагы футболчу кыздардан түзүлгөн өлкөнүн курамасы Бахрейнде машыгуу сборун өткөрүүдө. 22-майда машыгуу сборунун алкагында футболчу кыздарыбыз Бахрейн жаштар курамасы менен жолдоштук беттешке чыгышты. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, жолдоштук беттеште 2:0 эсебинде атаандаштар жеңишке жетишти. Бул курамалардын ортосунда экинчи жолдоштук беттеш бүгүн, 25-майда орун алат.
Кошумчалай кетсек, 8 күндүк машыгуу сбору жаштар арасындагы Азия чемпиондугунун тандоо туруна даярдыктардын алкагында өтүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.