Баткенде таксисттин унаасына жашынып, чек ара аркылуу мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган тажик жараны кармалды
Баткендеги “Кызыл-Бел” көзөмөлдөп өткөрүү пунктунда таксисттин унаасына жашынып, чек ара аркылуу мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган тажик жараны кармалды. Аны өлкө аймагына мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган кыргыз жараны да колго түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-майда таксист паспортунун мөөнөтү өтүп кеткен тажик жаранын унаанын арткы отургучуна жаткызып, үстүн одеяло менен жаап, чек ара тозотунан өтүүгө аракет кылган. Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаанын ээсине Тажикстандын жараны акча каражатын сунуштап, чек ара аркылуу ушундай жол менен алып өтүүнү суранганы анык болду. Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалгандар УКМКга өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
aydarken

25.05.2015. 13:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыныр иш кырк мунотто билиниптирдаа
Bors

25.05.2015. 14:14
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш жашынбай эле ачык суранып отсо деле болот элего.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.