super.kg logo
  Саясат  

Гуманитардык жардам жана грант катары берилүүчү товарды салыктан бошотуу сунушталды

 
Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 25-майдагы отурумунда гуманитардык жардам жана гранттар катары берилүүчү товарлардын импорту жана аларды салыктардан бошотуу боюнча мыйзам долбоору сунушталды.
Демилгечи депутат Алмазбек Баатырбековдун айтымында, грант катары берилүүчү товарларга кошумча нарк салыгынан бошотууну алуу жасалма кыйындатылган жана коррупциялык ыкма болуп саналат. Анткени ар бир өзүнчө алынган грантка өкмөттүн тиешелүү токтомун даярдоо мүмкүн эмес. "Бул долбоордун максаты - өкмөткө же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилүүгө жаткан социалдык объекттерди курууну ишке ашырууда жеке юридикалык жана жеке жактар тарабынан жүзөгө ашырылуучу каражатты кошумча нарк салыгынан бошотуп берүү",- деди депутат.
Комитеттин мүчөлөрү бул документти биринчи окууда жактырышты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: