super.kg logo

“Өнүгүү-Прогресс” кошумча 500 айыл чарба техникасын сатып алат

 

Бишкек шаарында өткөн жолугушуудан соң орусиялык ишкер Евгений Корчевой баштаган делегацияны депутат Бакыт Төрөбаев өлкөнүн түштүгүнө чакырды. Эл өкүлү алгач конокко Ош шаарында жайгашкан МТСтин ишмердүүлүгү туурасында айтып, андан ары сапар Жалал-Абад шаарына уланды. Орусиялык ишкерге сервистеги катар тизилген техника, ар бир трактордун мүмкүнчүлүктөрү туурасында мекеменин механиги маалымат берди. Евгений Корчевой мынча көлөмдөгү техниканын бар экендигине таң калганын да жашырбады. Тааныштыруу учурунда “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев: Өлкөбүздүн айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн негизги маселе - айыл чарба техникаларына жеткиликтүү көңүл буруу менен МТСтерди ар бир аймакта калыптандыруу жана анын сапаттык курамын чыңдоо,- деп билдирди. Ошондой эле Төрөбаев дыйкандардын суроо-талаптары күчөгөндүгүнө байланыштуу алдыда дагы ар түрдүү багытта кызмат көрсөтүүчү 500 айыл чарба техникасын алуу маселеси турганын айтты. Жыйынтыгында орусиялык агротехникалык окуу жайларында адистерди окутуу, тажрыйба алуу боюнча маселе чечилди. Эми “Өнүгүү” техникалык сервисинин 2 кызматкери, сүйлөшүүгө ылайык, бир айлык окууга жөнөтүлөт.


кошулду





"Өнүгүү-Прогресс" кошумча 500 айыл чарба техникасын сатып алат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
25.05.2015. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
артында торпедаларынын турганын карагылачы. Текебаев айтып чыкты эле - Эмнеге окмот Торобаевке лизинке техника берет ал болсо элге арендага берет деп. Ошол эле техниканы айыл окмотторго берсе болбойбуу деп.. Билбейм бирок бул Торобаевдин башы иштейт экен. Тиги акан Баксты туурап кетпе анан. А так красавчик.
26.05.2015. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы иштей бергиле. ийгилик.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: