super.kg logo

Өмүрбек Текебаев: "Расмий тилибиз өлкөбүздү эл аралык коомчулукка алып чыгышы керек"

 

Кыргыз-Орус Славян университетинде Славян маданияты жана жазуу күнүнө арналган концерт болуп өттү. Бул маараке өлкөдө салттуу майрамга айланып калды. Иш-чараны Кыргыз Республикасындагы Орусия элчилиги, кыргыз өлкөсүндөгү орус кызматташтыгынын өкүлчүлүгү, Славян фонду, ошондой эле өлкөдөгү билим берүү жана маданий мекемелер уюштурду. 

Иш-чаранын расмий бөлүгүн Кыргыз-Орус Славян университетинин ректору Владимир Нифадьев ачты. Ал өз сөзүндө кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик жана расмий тили бар экенин баса белгиледи. "Өлкө аймагындагы окуу жайлардын ичинен Кыргыз-Орус Славян университетинде кыргыз тилин үйрөтүү боюнча чоң программа иштелип чыккан",- деди В.Нифадьев. 

Ошондой эле өз сөзүндө "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге ыраазычылыгын билдирип, орус тилинин расмий тил макамын алуусуна партия лидеринин салымы зор экенин белгиледи. 

"Белгилүү болгондой, орус тилинин ролу чоң. Ал бир катар өлкөлөр арасында байланыш тили катары кызмат кылууда. Ошол себептен улам 2000-жылы мен парламентте орус тилине расмий макамды берүүнү демилгелеп чыккам. Өлкөнүн расмий тили көптөгөн элди бириктирип, өлкөбүздү эл аралык коомчулукка чыгарышы керектигин баса белгилегем. Бул орус тили эле",- деди Ө.Текебаев. 

Иш-чара музыкалык ансамблдердин даярдаган концерти менен коштолуп, Кыргыз Республикасындагы Орусия элчилиги Кыргыз-Орус Славян университетине атайын китептерди белекке тапшыруу менен аяктады. 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: