super.kg logo
  Саясат  

Мукаш Абдраев атындагы республикалык мектеп-интернатына кичи автобус сатып алуу үчүн 600 000 сомго сертификат тапшырылды

 

25-майда президенттин аппарат башчысы Данияр Нарымбаев Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өткөрүлгөн Мукаш Абдраев атындагы республикалык атайын музыкалык мектеп-интернатынын 50 жылдык салтанаттуу мааракесине катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. 

Данияр Нарымбаев мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин атынан музыкалык мектеп-интернаттын жамаатына жана окуучуларына куттуктоону окуп берди. 

“Сиздердин музыкалык мектеп-интернат өлкөбүздүн билим берүү мекемелеринин арасында өзгөчө орунду ээлейт. Жарым кылымдын аралыгында мектеп уясынан ондогон таланттуу музыканттарды, аткаруучуларды жана педагогдорду тарбиялап чыгардыңыздар. Кыргыз мамлекетинин элинин музыкалык маданиятын өнүктүрүүгө, руханий дүйнөсүн байытууга олуттуу салым коштуңуздар”,- деп белгиленет мамлекет башчысынын куттуктоосунда.

Нарымбаев музыкалык мектептин эмгек жамаатына аткарган эмгектери үчүн ыраазычылык билдирип, баарына чың ден соолук жана бакыт-таалай каалады.

Ошондой эле ал президенттин атынан мектеп-интернатынын директору И.Аманбаевге кичи автобус сатып алуу үчүн 600 миң сомго сертификат тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: