super.kg logo
  Саясат  

Бир катар араб өлкөлөрү менен кыргыз мамлекетинин ортосундагы кош салык жоюлат

 

25-майда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде кыргыз өкмөтү менен Сауд Арабия Падышалыгынын Өкмөтүнүн ортосунда кол коюлган "Кош салык салуудан качуу жана киреше салыгын төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамынын долбоору каралды. 

Экономика министри Олег Панкратовдун айтымында, бул келишим кош салык салууну болтурбоо жана өлкөдө инвестициялык жагымдуу шарт түзүү максатында түзүлүп жатат. “Келишим күчүнө кирсе, Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестиция салган британиялык ишкерлер кош салык кыйынчылыгынан кутулуп, биздин улуттук мыйзамдарыбызга ылайык, өзүндө гана салык төлөп калышат”,- дейт ал.

Жыйынтыгында мыйзамдын долбоорун комитет парламенттин жыйынына алып чыгуу чечимин кабыл алды. 

Ушундай эле келишим кыргыз өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын өкмөтүнүн ортосунда да түзүлгөн. Аны ратификациялоо жөнүндөгү мыйзамдын долбоору да Жогорку Кеңештин кароосуна коюлат.

Эске салсак, буга чейин кыргыз парламенти тарабынан бул өлкөлөрдүн ортосунда түзүлгөн экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу ратификацияланган. Азыр Катар, Сауд Арабиясы, Араб Эмираттары сындуу өлкөлөр менен кызматташтык мамилелер жанданып, өлкө аймагында алардын бир катар компаниясы иштеп, Кыргыз Республикасынын экономикасына ири инвестициялар тартыла баштады.

Араб өлкөлөрү кыргыз мамлекетинин экономикасына инвестиция салып, бир катар ири долбоорлорду ишке ашырууга, экологиялык жактан таза эт азыктары менен минералдык сууларды алууга кызыкдар. Бул багытта өкмөттөр аралык жумушчу комиссиялар иш алып барышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: