super.kg logo

Жалал-Абад облусунда “Ар бир кесип ардактуу” аталышындагы иш-чара жүрүп жатат

 

Жалал-Абад облусунда “Ар бир кесип ардактуу” аталышындагы иш-чара жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда аталган облустун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул иш-чаранын негизги максаты – окуучулар арасында, айрыкча бүтүрүүчүлөргө 29-май - Акыркы коңгуроо аземине карата алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдүн келечектеги кесибине ылайык жогорку окуу жайларды тандоодо туура жол көрсөтүп, мекенчилдикке, улуттар аралык ынтымакка тарбиялоо болуп эсептелет.     

Иш-чаранын жүрүшүндө Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңиш Жоробеков Сузак айылынын "Манас" орто мектебинде болуп, окуучулар менен жолугушту. Анда ал: “Жаштар - биздин келечегибиз, андыктан биз кайсы кесиптин ээси болбойлу, жаштарга колдоо көрсөтүшүбүз абзел. Сиздер кесип тандоодо туура чечимдерди кабыл алып, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон жаштардан болушуңарга тилектешмин”,- деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: