super.kg logo

Бишкекте бүткүл дүйнөлүк "Тынчтык үчүн" жүрүшү өттү

 

Бишкекте бүткүл дүйнөлүк "Тынчтык үчүн" жүрүшү өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар 25-майда SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара 23-майда өтүп, ага дин өкүлдөрү жана муфтияттын мүчөлөрү катышышты. Форумда диний лидерлер "Диндердин альянсы жөнүндө" келишимге кол коюшту. Андан соң "Жеңиш" аянтында "Тынчтык үчүн" жүрүшү өттү.

"Ошол эле убакта Санкт-Петербург шаарында Тынчтык форуму өтүп жатты. Мындай форумдардын максаты - диний ишмерлердин жардамы менен тынчтыкты орнотуу. Бул иш-чаралар жалпысынан 40 мамлекетте өтүүдө. Алардын арасында АКШ, Германия, Япония, Тажикстан жана башкалар бар",- деп билдиришти уюштуруучулар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: