Ошто Ноокат райондук аскер комиссарынын жардамчысы пара алып жаткан жеринен кармалды
Ошто Ноокат райондук аскер комиссарынын жардамчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган аскер комиссарынын жардамчысы Т.А. облус тургунунан баласын альтернативдик кызматка которуп берүү үчүн 6 миң сом талап кылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, Т.А. пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда ал үй камагына чыгарылып, ишти Башкы прокуратура тергеп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.