Президент Алмазбек Атамбаев Сузак районундагы көчкү жүргөн жерге барды
Президент Алмазбек Атамбаев жер көчкү жүргөн Сузак районундагы Кыр-Жол айылына барды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 25-майда президенттин маалымат катчысы Жанар Акаев билдирди. Анын билдиришинче, учурда мамлекет башчысы кырсыктан жапа чеккен эл менен жолугушуп, кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери менен таанышууда.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Ал эми Алмазбек Атамбаев 24-майда жер көчкүнүн натыйжасында набыт болгондордун, жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 100 миң сомдон бөлүп берүү буйругуна кол койгон.
Айта кетсек, 24-майга караган түнү Сузак районундагы Кыр-Жол айылында жер көчкү жүрүп, 5 үй жана 1 эмкананы басып калган. Анын кесепетинен 6 адам каза таап, 5 адам жаракат алган. Каза болгондордун сөөктөрү ошол эле күнү жерге берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
1

