7 ай мурун каза болуп, Орусияга коюлган 21 жаштагы кыргыз жаранынын сөөгү кыргыз жерине алынып келинди
7 ай мурун каза болуп, Орусияга коюлган 21 жаштагы кыргыз жаранынын сөөгү кыргыз жерине алынып келинди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 25-майда Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Сүйөркулов билдирди. Анын айтымында, 21 жаштагы Аида Кабылбек кызынын сөөгү 25-майга караган түнү Ош шаарына алынып келинди.
Автор: Жамалидин Парманкулов
"Кыздын сөөгү 2014-жылдын октябрь айында Екатеринбургдагы токойдон табылып, жанында өздүгүн тастыктоочу документтери жок болгондуктан, сөөгү ошол жердеги көрүстөндөрдүн бирине коюлуп калган. Жакында ата-энеси издөө салып, консулдуктун жардамы менен кыздын сөөгүн таап, өздүгүн такташты. Тиешелүү документтер жыйналып, консулдуктун жана диаспора өкүлдөрү 45 миңден ашык рубль каражат жыйнап, сөөктү кыргыз жерине жиберүүгө жардам беришти.
Ал эми "кыз бирөөлөр тарабынан муунтулуп өлтүрүлдү" делип жаткан маалыматтарды Орусиянын орган кызматтары четке кагышты. Анткени кыздын денесине жаракат келтирилбегенин билдиришиптир",- деди Сүйөркулов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.