super.kg logo
  Саясат  

"Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө” мыйзамга толуктоолор жана өзгөртүү киргизилди

 

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 25-майда президенттик аппараттан билдиришти. 

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 23-апрелинде кабыл алынган. 

Мыйзам өкмөттүн мүчөсү кызматтан бошонуусуна же отставкага кетүүсүнө байланыштуу Жогорку Кеңештин ыйгарым укугун жөнгө салган “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө” мыйзам ченемдерин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүнүн талаптарына шайкеш келтирүүгө багытталган.

Ушуга байланыштуу “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө” мыйзамдын 29, 51, 61 жана 124-беренелери өкмөттөгү бош орунга премьер-министр сунуштаган талапкер Жогорку Кеңеш тарабынан жактыруу талабынын жол-жоболору камтылган ченемдер менен толукталат.

Ошону менен бирге аталган мыйзамдын 51-беренесинин 5-бөлүгүнө альтернативдүү мыйзам долбоорлору бар болгон мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңеш тарабынан бириктирүүгө мүмкүнчүлүк берген өзгөртүү киргизилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: