super.kg logo
  Саясат  

Президент Сузак районунда үйлөрү жер көчкү астында калгандарга мамлекет тарабынан үй куруп берүүнү буйруду (фото)

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда үйлөрү жер көчкү астында калгандарга мамлекет тарабынан үй курулуп берилет. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда президент Алмазбек Атамбаев жер көчкүдөн жабыркаган Кыр-Жол айылынын эли менен болгон жолугушууда билдирди. Президенттин сөзүнө караганда, мамлекет кырсыктан жапа чеккендер үчүн 8 үй куруп берет. Мамлекет башчы мындан тышкары кооптуу абалда турган 10го жакын үйдү көрүп, аларга керектүү делинген жардамды көрсөтүүнү өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнө буйруду.

Ал эми Кыр-Жол айылынын тургундары өлкө башчыга кайрылышып, айылдын жол маселеси курч турганын айтышып, айыл жолун оңдоп берүүнү өтүнүштү. Атамбаев жоготууларга учураган үй-бүлөлөргө көңүл айтты. Андан кийин айтылган маселелерди чечүү боюнча тиешелүү органдарга тапшырма берди.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: