super.kg logo

Жалал-Абад. Сузак районундагы Чаңгет суусунун жанында жайгашкан 4-5 айыл кооптуу абалда

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Чаңгет суусунун жээгинде жайгашкан 4-5 айыл кооптуу абалда турат. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда журналисттерге өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, кооптуу абалда турган айылдардын бири Кыр-Жол айылына министрлик 1994-жылдан бери аймак кооптуу экендигин билдирип келген.

Учурда аталган айылда 87 үй бар. Кооптуу делген жерден көчүрүү үчүн ар бир үй-бүлөгө 200 миң сомдон ссуда жана жер берилүүсү кажет. Алардын арасында өзү жашаган жерден көчкүсү келбегендер да жок эмес. “Өлсөк өлөбүз, бирок бул жерден кетпейбиз. Бир нерсе болсо күнөөнү сиздерге койбойбуз” дегендер жок эмес”,- деди министр.

Бороновдун айтымында, учурда өлкө боюнча 1034 кооптуу делген аймак бар. “Мындай жерлердин жашоочуларына жардам берилип келет. Кээ бир жарандар берилген жер тилкелерге балдарын көчүрүп коюп, өздөрү кооптуу делген аймакта жашоону улантышууда. Мисалы, 2012-жылы Сузак районундагы 108 үй-бүлөгө 8,5 гектарлык жер тилкеси берилген”,- деди Боронов.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
25.05.2015. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аииий тынч эле кочуп кетишпейби,кудайым дагы сактанганды сактайт экен.
26.05.2015. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турган эле жер кандай кочот
26.05.2015. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдарга тан калам кочпойбу жер берип жаткандан кийин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: