Чернобыль кырсыгын жоюуга катышкандарга орден тапшырылды
Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук администрациясы тарабынан Чернобыль кырсыгын жоюуга катышкандарга Чернобыль Баатыры ордени тапшырылды. Бул тууралуу 26-майда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Ордендерди район башчысы Аскербек Алиев тапшырды. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин башчысы Шейшенкул Бакиров балдар жана өспүрүмдөр арасында өткөн Спартакиададан Биринчи Май району 1-орунду алгандыгы үчүн кубок тапшырды.
Эскерте кетсек, Жазгы Спартакиада 18-майдан 21-майга чейин спорттун беш түрү: кичи футбол, дартс, жеңил атлетика жана стол тенниси боюнча өткөрүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:17
2025-11-07
22:29
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















