Ислам маданий борборун курууга Бишкектен жер бөлүп берүү маселеси талкууланды



Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов 25-майда Сауд Арабиясынын кыргыз жериндеги элчиси Абдурахман бин Саид аль-Жума менен жолукту.
Мэриянын маалымат кызматы жолугушууда Бишкекте Ислам маданий борборун курууга жер бөлүп берүү маселеси талкууланганын билдирди. Ошондой эле жолугушууда кайрымдуулук иштерин жүргүзүү белгиленип өттү.
Элчи Кулматовго ыраазычылык билдирип, мындай жолугушуулар маанилүү экендигин белгиледи.
"Бизди кабыл алганыңызга ыраазычылык билдирем. Бүгүнкү жолугушууда эки тараптын кызматташуусу бекемдейт деген ойдомун. Эки өлкөнүн ортосунда маданий карым-катнашты түзүү менен маданий борборду куруу эки тарап үчүн маанилүү. Долбоор бир гана диний иштерди камтыбайт. Бул долбоордо спортзал, мектеп, китепкана, жыйын залдары жана башкалар каралган. Бир гана мусулмандар үчүн деген туура эмес. Бардык жарандар үчүн",- деди элчи.
Өз кезегинде Кубанычбек Кулматов бир эле жолугушуу менен бул маселе чечилбестигин белгиледи.
"Биз алгач Тышкы иштер министрлигине, президенттик аппаратка кат жиберели. Биргеликте иш алып баруу керек. Андан кийин дагы бир ирет отуруп сүйлөшөлү",- деди мэр.

