super.kg logo
  Саясат  

Мелис Турганбаев: "2010-жылы парламенттик шайлоого катышкан айрым талапкерлердин соттолгонун айткам, бирок көңүл бурулган эмес"

 

Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин 26-майдагы жыйынында ИИМдин башчысы Мелис Турганбаев "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" мыйзамынын аткарылышы боюнча маалымат берүүдө.

Депутаттар министрден келерки парламенттик шайлоого катыша турган партияларда соттолгон адамдар боюнча кандай иштер жүрүп жатканын сурашты. 

Турганбаев ИИМ парламентке уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү келбеш үчүн тиешелүү иштер жүрүп жатканын айтты. "Ушул жылдын күз айларында шайланчу парламентке уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү келбеш үчүн ИИМ тиешелүү иштерди жүргүзүүдө. Ал эми соттолгон адамдар каттоодо турушат. 2010-жылы парламенттик шайлоо алдында каттоодо турган адамдардын тизмесин бергем, бирок көңүл бурулган эмес",- деди Турганбаев.

Айта кетсек, Жогорку Кеңешке депутаттар Нурлан Төрөбеков, Ахматбек Келдибеков, Урмат Аманбаева жана башкалар шайланган соң алардын мурдагы мыйзамсыз иштери ачыкка чыгарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: