super.kg logo
  Спорт  

Эркин күрөш боюнча улуттук курама Дүйнө чемпиондугуна даярдыгын баштады

 

Эркин күрөш боюнча улуттук курама сентябрь айында АКШда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна даярдыгын баштады. Даярдыктардын алкагында курама команда Ысык-Көлдө машыгуу сборун өткөрүүдө. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, 20-майда башталган сбор 1-июнда жыйынтыкталат. 

Башкы машыктыруучу Руслан Маджинов машыктырган курамга 14 спортчу кирип, сбор үчүн 393 миң сом бөлүндү. Курамга Надырбек уулу Самат, Улук Жолдошбеков, Курманбек уулу Эрмек (57 килограмм салмакта), Адилет Маматаев, Рафкат Асанов (61 кг), Улумкан Маматов, Азат Мирахимов (65 кг), Догдурбек уулу Эламан, Руслан Садыбакасов (70 кг), Нарбек Изабеков, Саякбай Усупов (74 кг), Каругул уулу Бактияр, Бексултан Талантбеков (86 кг), Магомед Будунов (97 кг) сыяктуу балбандар кирген. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: