super.kg logo
  Саясат  

Мелис Турганбаев: "Сотто "уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү" деген статус берүүдө кыйынчылыктар жаралууда"

 
Жыл башынан бери уюшкан кылмыштуу топторунун 107 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында ички иштер министри Мелис Турганбаев билдирди.
Анын айтымында, кармалгандар ИИМдин тиешелүү каттоосунда турушат. "2013-жылы УКТнын 197 мүчөсү колго түшсө, 2014-жылы 190 мүчө кармалган. 2015-жылдын башынан бери бул топтордун 107 мүчөсү кармалды. Учурда "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" мыйзамы иштебей жатат, анткени сотто аларга "уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү" деген статус берүү кыйынчылык жаратууда. Ошондуктан Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү керек болууда. ИИМ өкмөт менен биргеликте тиешелүү концепцияны иштеп чыкты",- деди министр.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: