super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар кыргыз өлкөсүнүн электр энергиясын сыртка экспорттоого багытталган долбоор англис тилинен чала которулганы үчүн өкмөттү сынга алышты

 
Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 26-майдагы жыйынында "CASA-1000" Борбордук жана Түштүк Азияда электр энергиясын берүү жана сатуу долбоору каралууда.
Депутат Бакыт Шаршеев бул долбоор менен таанышкан соң, орус тилине чала жана түшүнүксүз которулганын айтты. "Бул долбоор өлкөбүздүн келечеги үчүн абдан пайдалуу. Аны жактыруу керек. Бирок мындай начар которулган документти кантип жактырабыз?"- деп сурады депутат.
Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиев долбоор англис тилинен которулганын билдирип, бул кемчиликти жоюуга убада берди.
Айта кетсек, “CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу менен кыргыз өлкөсү электр энергиясын Пакистанга, Ооганстанга жана башка өлкөлөргө экспорттоого мүмкүнчүлүк алмакчы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: