super.kg logo
  Саясат  

“Шабдан баатыр” тарыхый фильмин тартуу боюнча тиешелүү чара көрүү тууралуу өкмөткө тапшырма берилди

 

Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында “Шабдан баатыр” тарыхый фильмин тартуу жөнүндө маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтовдун кайрылуусу каралды.

Кайрылууда Т.Океев атындагы улуттук “Кыргызфильм” киностудиясына мамлекеттик тапшырма боюнча тартылуучу “Шабдан баатыр” эки сериялуу толук метраждуу көркөм тарыхый тасмасын тартууга 70 миллион сом өлчөмүндө чыгымдарды киргизүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү айтылган.

Жыйында өкмөт тарабынан 2014-жылдын 31-декабрында Каржы министрлигине бул тасманы тартууга 80 миллион сом бюджеттик каражат бөлүп берүү маселесин карап чыгуу тапшырылганы белгилүү болду. Ошону менен катар тасма тартууга даярдык иштерине 10 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнүп берилгендиги айтылды.

Комитет мүчөлөрү суралган каражат жаңы заманбап техникаларды алууга, кино эпизоддоруна тиешелүү кийимдерди тиктирүүгө жана башка уюштуруу иштерине жумшаларын такташты. 

Соңунда депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен өкмөткө жана Каржы министрлигине “Шабдан баатыр” тарыхый фильмин тартуу боюнча тиешелүү чара көрүү тууралуу тапшырма берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: