super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар өкмөткө электр энергиясынын 1 киловатт-саатын 85 тыйындан сатууну сунушташты

 
Парламенттин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 26-майдагы жыйынында электр энергиясына болгон тарифтин баасын өзгөртүү маселеси көтөрүлдү. Депутаттар Кожобек Рыспаев менен Бакыт Шаршеев өкмөткө электр энергиясынын бирдиктүү тарифин сунушташты.
Алардын айтымдарында, 1 киловатт-саатты орточо баа менен 85 тыйындан сатуу керек. "Биздин өлкөбүздө башка мамлекеттерге салыштырмалуу электр энергиясы арзан. Бирок тарифти калктын айлык маяналарына жараша өзгөртүү туура", - деди Рыспаев.
Айта кетсек, былтыркы жылдын ноябрь айынын соңунда электр энергиясынын жаңы тарифи бекитилген. Ага ылайык, 700 киловатт-саатына чейин 70 тыйын, андан ашканына 2 сом 5 тыйындан төлөнүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: