Быйыл Куралдуу күчтөрүнүн аскерлерине жалпысынан 720 батирлүү көп кабаттуу үйлөр курулат

Куралдуу күчтөрүнүн аскерлерине деп салынган эки көп кабаттуу үйдүн ачылыш аземи жакында өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда коргоо министри Абибилла Кудайбердиев билдирди. Министр ошондой эле быйыл Куралдуу күчтөрүнүн аскерлерине жалпысынан 720 батирлүү көп кабаттуу үйлөр курула турганын кошумчалады.
“Курулуш аракеттерин ишке ашыруу боюнча жумуштар аткарыла баштады. Бүгүнкү күндө Баткен шаарында 25 батирлүү үй курулуп жатат. Учурда биринчи кабатынын курулуш иштери жүрүп жатат. Ошондой эле Ош шаарында жаңы үйдүн астын казуу иштери бүтүп, бүгүнкү күндө ал жер пайдубал куюуга даярдалууда. Мындан тышкары Бишкек шаарында 400 батирлүү үйлөрдү курабыз. Азыр куруу иштери боюнча маселелер карлууда. Ал эми Ош шаарында аскер адамдары үчүн деп эки үйдү бүтүрдүк, жакында алардын салтанаттуу түрдө ачуу аземин өткөрөбүз”,- дейт Кудайбердиев.

