Асылбек Жээнбеков жана депутаттар Москвада белгисиз жоокердин эстелигине гүлчамбар коюшту
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жетектеген парламенттик делегация Орусияга жасаган расмий иш сапарынын алкагында Кремль дубалынын боюндагы белгисиз жоокердин эстелигине гүлчамбар коюшту. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага депутаттар Алмазбек Баатырбеков, Наталья Никитенко, Бахтияр Кадыров, Хажимурат Коркмазов жана Нуркамил Мадалиев катышты.
Делегация расмий иш сапардын алкагында Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин, Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

