super.kg logo
  Саясат  

Куралдуу күчтөрүнүн аскер кийимдери 6 миллион долларлык кездемеден тигилди

 

Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн аскер кийимдери 6 миллион долларлык кездемеден тигилди. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев журналисттерге билдирди. Маалым болгондой, дагы толук бир жылдан соң Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлери 100 пайыз жаңы форма менен камсыздалат.

Кытай Эл Республикасынын Коргоо министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин ортосунда эл аралык келишимге кол коюлган. Ага ылайык, кошуна өлкө бизге жардам катары 6 миллион долларга кездеме берген.

Жакында Тажикстанда эл аралык машыгуу өткөрүлдү. Ал тоо-таштак шартында өткөрүлүп, ошондо кыргыз өлкөсүнүн аскерлери мындай жаратылыш чөйрөсүндө такыр эле билинбей калышат экен. Бул нерсе бизди сүйүндүрдү. Анткени аскер кызматкери операциянын жүрүшүндө душмандын көзүнө билинер-билинбес болуш керек”,- деди Алымкожоев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: