Ош шаарындагы окуучулар Кара-Кулжа районундагы мектептерде болуп, ал жактагы окуучулар менен пикир алмашышты
Ош шаардык билим берүү
башкармалыгына караштуу Федченко атындагы окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептин
26 окуучусу “Келечек тарыхтан башталат” деген чакырык менен Кара-Кулжа
районундагы
Б.Эшманбетов, Ш.Жээнбеков, Б.Бегиев жана Шайдилканов атындагы
мектептерге саякаттап барып, ошол жердин окуучулары менен жолугушту. Шаардык
билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, жолугушууда эки башка аймактын
окуучулары бири-бири менен жакындан
таанышып, өздөрү окуп жаткан билим уясы жөнүндө кеңири маалымат берип, ойлорун
ортого салышты.
Иш-чара эки элдин достугун, ынтымак, биримдигин жаш муундарга түшүндүрүү максатында уюштурулду. Окуучулардын мекенге болгон сүйүүсүн арттыруу, карым-катыш жана тажрыйба алмашуу мамилелерин түзүү, ошондой эле кыргыз элинин каада-салтын терең үйрөнүүнү жолго коюу башкы максат болуп саналат.
Эске салсак, Федченко атындагы мектептин окуучулары өткөн окуу жылында да “Түбөлүк достук көпүрөсү” деген ураан менен Алай районундагы Отунчиев атындагы орто мектепте болушкан.





1 |