Ош. Студенттердин катышуусунда улуттар аралык биримдикти чыңдоого арналган жумалык болуп өттү












Ош мамлекеттик университетинде “Биз биргебиз” деген аталыштагы жумалык өттү. Жумалык улуттар аралык биримдикти чыңдоо, ошондой эле улуттук толеранттуулукту өнүктүрүү максатында уюштурулду. Анда 10дон ашуун улуттун тамак-аштары, улуттук кийимдери көргөзмөгө коюлуп, улуттук ыр-бийлер тартууланды.
Окуу жайдан кабарлашкандай, бул иш-чаранын экинчи бөлүгүндө “Биз биргебиз” аттуу көп түрдүүлүк фестивалы өтүп, анда ОшМУнун студенттери кыргыз улуттук бийи “Сынык бийди”, корей, кытай улуттук бийлерин жана индиялык студенттер индия бийин аткарышса, Борбордук Азиядагы Америка университетинин таланттуу студенттери дүйнө элдеринин улуттук бийлерин, ырларын аткарышып, көрүүчүлөрдүн алкышына арзышты.
Фестивалга БУУнун Башкы башкармалыгынын адам укугу боюнча кеңешчиси Лаура Мачини, БУУнун программалык адиси Назира Козубекова, Борбордук Азиядагы Америка университетинин деканы Шульгин Николай, ОшМУнун проректору Тажимамат Эркебаев баштаган атайын коноктор катышышты.

