super.kg logo
  Спорт  

"Реал" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Карло Анчелотти кызматынан бошотулду

 

Мадриддик "Реал" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Карло Анчелотти кызматынан бошотулду. 55 жаштагы италиялык адистин кызматынан четтетилиши клубдун жетекчилиги кабыл алган чечимге байланыштуу болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Маалыматка ылайык, клубдун президенти Флорентино Перес "бул чечим команданын мындан ары өсүүсүнө шарт түзөт" деген ойду айтты. "Бир аптанын ичинде бул кызматты аркалай турган адистин ысымы белгилүү болот",- дейт Ф.Перес.

Кошумчалай кетсек, К.Анчелотти бул кызматка 2013-жылы дайындалган. 2014-жыл машыктыруучу үчүн ийгиликтүү болуп, Испаниянын Кубогун, УЕФАнын Чемпиондор Лигасын жана Суперкубогун, Клубдар аралык Дүйнө чемпиондугун уткан. Ал эми акыркы сезондо "Реал" бир дагы мелдеште чемпиондукту багындыра алган жок. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: